- Темир мырза,  президент “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул жарлык улутубуздун улуулугун даңазалап, уңгубузду табышыбызга салым кошобу?

- Абдан жакшы жарлык болду. Эми бул жарлыкты ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгып, каражат бөлүнүп турса, сөзсүз улуттук идентификацияга чоң колдоо болот.

- Баса, “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка да кол коюлду. Бул жарлык Улуттук киноискусствонун жана  улуттук кинематографияны жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрө алабы?

- Эң башкысы, тартыла турган фильмдерин темасын,  мамлекет үчүн, улут үчүн  актуалдуулугун,  улуттук баалуулуктарга басым жасаган чыгармаларды, киносценарийлерди аныктап, талдап бере турган, авторитеттүү калыс комиссия түзүлүшү керек. Болбосо эч пайдасы жок фильмдерге каражат коромжо болуп кетүү коркунучу да болушу мүмкүн. Эң башкысы, өлкө башчысы кинонун мамлекеттик, улуттук идеология үчүн чоң ролун баамдап, колдоо көрсөткөнү абдан жакшы болду деп эсептейм.

- Буюрса, бул жарлыктын жардамы менен дүйнөнү таңгалдырган кыргыз кереметиндей таасирдүү, жүрөктөн  орун алган кинолор тартылат деп үмүт кылсак болобу?

- А негизи кыргыз киносу, учурда маданиятыбыздын флагманы деп айтсам жаңылбайм. Анткени буга чейин деле чоң ийгиликтерге жетишип келе жатат. Президенттин бул Жарлыгы абдан жакшы стимул болот.

- Жаштарды жана адашкандарды улуттук баалуулуктарга сугаруу үчүн кандай аракеттерди көрүшүбүз керек.

- Улуттук идеологияга маани бербегендиктен, жаштарыбыз корей, Түркиянын сериалдарынын таасирленип, ошолордун каармандарын туурап кийинип, ошолордун маданиятын жайылтып жатышат.  Ошондуктан өзүбүздүн каада салтыбызды, нарк насилибизди, улуттук баалуулуктарыбызды кино, сериалдар аркылуу жайылтышыбыз  зарыл.

Булак: “Майдан. kg” гезити