- Жусупжан агай, каргашалуу июнь окуясы боюнча үч саясатчыга айып угузулду. Бирок, эл арасында “ал окуяны козгобой, эски жараны ырбатпай эле койсо болмок”- дегендер да бар. Түштүк коогалаңы иликтенип,  ак карасы ажыратылышы керекпи же “болоор иш болду, боёсу канды” деп эле маани бербей койгонубуз туурабы?

- Түштүк коогалаңы иликтенбей калбашы керек. Керек болсо ар тараптуу изилденип, ал окуяга жол бергендерди жана окуяны тутанткан сеператистерди да изилдеш керек. Анткени, каргашалуу июнь окуясы маани бербей турган, “өткөн өттү” дей турган катардагы эле окуя эмес. Ошон үчүн бул окуяга көз жумууга болбойт. Себеби, элдер да, аткаминерлер да “тынчтык болсун” дешкени менен өзүнүн керт башын ойлогон саясатчылар да, сеператистер да болгон. Ошолорун айынан  каргашалуу окуя орун алган.

- Бирок, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү андай кыянатчылыкка барышпаганын, ал окуя “үчүнчү күчтөрдүн айынан болгон” деген ойду айтып жатышат го?

- Убактылуу Өкмөт ошол мезгилде  каргашалуу окуяны алдын алууда кайдыгер болушкан. Ошон  үчүн үчүнчү күчкө шылтап жатышат. Бул жерде үчүнчү күч болгон эмес. Мен бул каргашалуу окуяны Убактылуу Өкмөттүн шалаакылыгынан болду деп ойлойм. Өздөрү жакшылап креслого отуруп алып, жеп, ичип, уурдагандарын аш кылыш үчүн “элди алаксытуу максатында тополоң чыгара коёбуз”- деп ойлошкан. Анысы ырбап кетип, улут аралык жаңжалга айланып кеткен.

- Эмне үчүн антип ойлойсуз?

- Убактылуу Өкмөт бийликке келгенде  каза болгон 86 адамдын  ушул кезге чейин кайдан, эмне болуп өлгөнү иликтенген жок го. Буларга кызмат эле керек болгон...

- Ал окуяны токтотууга сизди да салым кошту деген сөздөр айтылып жүрөт. Ошол чынбы?

- Ошто каргашалуу окуя болуп, Жалал-Абадда уланат деген мезгилде Исмаил Исаков  түнкү экиде телефон чалып, “баатыр, келип кетпесең болбойт. Туугандарыңыз талкалаганы атат, жардам бербесең болбойт”- дегенде, түнкү үчтө жолуктум. Таңкы төрт-бештерде айылдын депутаттары менен жолуктук. Ал мезгилде УВДнын орун басары Сүйүн Өмүрзаков да бар болчу. Алар менен жолугуп жатсам, аркабыздан  Бектур Асанов келип калды. Ал ордума губернатор кылып Жусупжан Жээнбековду коюп салышпасын деп  ойлоду окшойт.

Сүйлөшүп, колдон келген аракетти жасап, өзбек-кыргыз ортосундагы тополоңду токтотууга салым коштум. Исаков “сиз болбосоңуз Жалал-Абадда дагы канча өлүм болот эле. Сизге рахмат, кан төктүрбөй абалды жөнгө салууга жардам бердиңиз”- деген.  Тилекке каршы, кийин  доклад жазылганда менин фамилиямды бир да жерге жазышпаптыр. Ошол убактагы бийлик төбөлдөрү  өзүн өзү мактоо менен доклад жазып коюшуптур. “Мени кошпой коюпсуз го”,- десем, “эсимден чыгып кетиптир” деди. Бирок, кийин деле атымды жазып, толуктап коюшкан жок.

Таңгалганым, ошол убакта сеператист Алишер Сабировду штабдын жетекчиси кылып  алышыптыр. Жиним келип, “жогол” деп сөктүм. Себеби, ал аркылуу информация  башкаларына жетип турду.

Бул окуя боюнча көп маалыматты Азимбек Бекназаров да билет. Ал да согушту токтотууга аракеттерди жасап жүргөн. Баса, жаңылбасам “Сулайман-Тоодон снайперлер да кармалды” деп жүрүшкөн. Аны бүгүнкү күнгө чейин ошол жердеги молдолор да айтып жүрөшөт. Бекназаров ошондой маалыматтардын чын бышыгын далилдеп бериши керек. Тагыраагы, азыркы бийлик бул окуянын ийне жибине чейин иликтеп, акты ак, караны кара деп ачыктап чекит коюшу керек.

Анткени, ал биздин урпактарга да, сеператистердин урпактарына да сабак болот. Себеби, мен кечээги шайлоолордо көптөгөн сеператистердин балдарын, акчаларына кызыгып,  партияларына  кошуп алгандарды көрдүм. Алар элди кайрадан агитация кылып жүрүшөт. Бул дагы болсо, мамлекетибизди сыйлабагандык. Ошондуктан, бул маселени иликтеп, ким бузуку, ким чыккынчы, ким мамлекетти сактап калуу үчүн күрөшкөндүн баары ачыкка чыгышы керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити