Бүгүн, Кыргызстанга Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен келип, мамлекеттер аралык келишимдерге кол коюлууда.

Кең форматтагы сүйлөшүүдө Кыргызстан президенти Садыр Жапаров өз сөзүн сүйлөдү:
“Кыргыз-казак мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгара алдык. Биздин достук мамилелерибиз улуу акын жазуучуларыбыздын жазган, айткандарынан таасын билинип турат.
Урматтуу, Касым-Жомарт Кемелович, биз Казакстар менен биргеликте иш алып барып, эл аралык структуралардын алкагында кызматташабыз.

Бул жылы биз эки өлкөнүн дипломатиялык 30 жылдыгын белгилейбиз. Казакстан менен союздаштык мамилени бекемдөө үчүн аракеттер жасала берет”, – деп өлкө башчы белгиледи.
Ал эми, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өз кезегинде Кыргызстанга келгенине кубанычта экенин билдирди:
“Бишкекке чакырганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү жолугушуубуз мамилелердин 30 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.

Биздин тилибиз, динибиз бир, Ала-Тоодо кош канат болуп жашаган элбиз. Эки элдин ортосундагы мамилени дагы да арттыра беребиз. Келишимдер өтө мазмундуу болду. Тар форматта талкууланып, кабыл алынган келишимдер ийгиликтүү болду деп айта алам.
Бүгүнкү күндө сиздин башкаруунуз алдында конституциялык реформалар жасалып Кыргызстанда өзгөрүү жана өнүгүү болуп жатат. Казакстан тарабынан керектүү учурларда Кыргызстанга түрдүү жардамдар көрсөтүлүп турат. Мамлекет аралык мамилелер жогорку деңгээлде өнүгүп жатат. Министрлерибиз да байма-бай жолугуп турганы ага далил.
Жабык форматтагы сүйлөшүүдө биз актуалдуу маселелерди талкуулап, бир пикирге келе алдык. Биздин мамлекеттер арасында эч кандай саясий ача пикирлер жок”,-деп Токаев айтты.

Булак: bulak.kg