Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Борборго Евразия экономикалык биримдигинин өкүлдөрүнүн келишине байланыштуу саат 09:30дан 11:30га чейин Манас-Чыңгыз Айтматов проспектиси убактылуу жабылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын буйругу менен жолдун убактылуу жабылышына байланыштуу №5, 6, 11, 14 троллейбустук каттамдар убактылуу акыркы аялдамада болот.


Булак: maralfm.kg