Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Сузак районундагы мектепте мугалимдин окуучу кызды сабаганы боюнча журналисттерге комментарий берди.

Ал негизинен коомдо мугалимдерди ушундай абалга алып келген учурлар көбөйгөнүн белгилейт. Бул балдарды тарбиялоого байланыштуу.

«Балдардын тарбиясына билим берүү мекемелери эмес, үй-бүлө жооптуу. Билим үйдөн, чөйрөдөн башталат. Биз азыр билим берүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыктык, анда ата-энелердин, билим берүү мекемелеринин тарбиясы үчүн жоопкерчилик каралган.

Мунун баары руханий тарбиянын жоктугунан болууда. Башында үйдө жакшы тарбия берсек, мындай суроолор болмок эмес. Бул жерде мугалимге лакап ат коюлганы тууралуу конкреттүү факты бар. Мугалимге мындай мамиле кылуу туура эмес, бирок мугалим да баланын ата-энеси, мектеп жетекчилиги менен сүйлөшүп, маселени тынчтык жолу менен чечиши керек болчу», — деди министр.

Алмазбек Бейшеналиев мектептерде агрессия, зордук-зомбулук болбошу керектигин айтат.

«Мугалимдерден кандай гана кырдаал болбосун, балдарга кол көтөрбөөнү суранам», — деди министр.

Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, мектептерде тарбия берүү тармагындагы иштер күчөтүлөт. Бул үчүн атайын тармак түзүлдү.

«Мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, иш кагаздары кыскарып, ата-энелер, окуучулар менен иштөөгө бош убактылары пайда болду. Окуучуга билим эле берүү жетишсиз. Адамды тарбиялоо үчүн көбүрөөк билим зарыл. Мектеп ата-энелер менен тыгыз байланышта болушу керек», — деди ал.

Социалдык тармактарда мугалимдин окуучуну сабаганы тууралуу видео тарады. Ал Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинин информатика сабагынан берген мугалими экенин Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Окуя 23-майда болгон. Буга байланыштуу Сузак райондук милициясы тарабынан териштирүү иштери жүрүп, Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлгөнү кабарланды.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы окуя боюнча териштирүү башталганын билдирди.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абрахматова окуяны сындап, мугалимди жана мектеп жетекчисин жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

Булак: maralfm.kg