Мэриядан мындан ары муниципалдык транспортто жол акысы «Тулпар» электрондук системасы аркылуу накталай эмес алынарын айтышты. Алардын маалыматына ылайык, швейцариялык «BPC AG» компаниясы иштеп чыккан система быйыл 1-июлдан тартып толук ишке кирет.
Жол кирени бир канча ыкма менен төлөсө болот:
- «Тулпардын» үч категориядагы (стандартык, мектеп жана жеңилдетилген) картасы менен;
- Кыргызстандын баардык банктарынын контактысыз VISA жана ЭЛКАРТ карталары менен;
- NFC (смартфондо орнотулган) виртуалдык картасы менен;
- «Тулпар» жана Balance (Beeline) тиркемелеринин QR коддорун сканерлөө аркылуу;
- Тулпар тиркемесине траспорттун кодун терүү аркылуу.
Мэриядан шаар тургундарын жана конокторун 1-июлга чейин «Тулпар» карталарын сатып алууга же төлөөнүн башка ыкмалары менен таанышууга чакырышты.
«Тулпар» карталарын кайсыл жактан сатып алса болот?
Стандарттык көк түстөгү карталар «Кыргызпочтасынын» бөлүмдөрүндө, «О!», MegaCom жана Beeline мобилдик операторлорунун кеңселеринде сатылат, ошондой эле аларды муниципалдык автобус жана троллейбустардын айдоочуларынан сатып алса болот. Карта 50 сом турат.
«Тулпар» электрондук билеттөө системасы Бишкектин коомдук траспортторуна 2020-жылдын мартында киргизилген. Ошол кезде эле Бишкек мэриясы жаңы төлөм системасы киргенден кийин айдоочулар накталай акча албай каларын айтышкан.
Балким, муниципиалдык коомдук транспорттогу накталай эмес төлөм системасынын киргизилиши алгач айрым жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бирок мындай ыкма мамлекеттик казынага түшө турган акчанын суммасын көбөйтөт. Анткени учурдагы накталай төлөмдүн канчасы айдоочунун сол чөнтөгүнө түшүп, канчасы бюджетке түшөрү белгисиз.
Булак: “Майдан. kg” гезити