Газ, мунайдын баасы көтөрүлүп, отундун бул түрүнө ээ мамлекеттер товарын саясый куралга айландырып, бизге окшогон импортко көз каранды мамлекеттерге үстөмдүк кылып жаткан заманда электромобиль өндүрүшү күч алууда. Транспорттун бул түрү биринчиден, арзан болсо, экинчиден жеке адамдан тартып, мамлекеттин экономикасына чейин өтө чоң пайда келтирет. Мындан тышкары экологияга да пайдасы бар.
Сыртынан анча билинбеген менен азыр Бишкекте электросамокаттан тартып, электромобилге чейинки транспорттун электр энергиясы менен жүрүүчү түрлөрү көбөйүп баратат. Бирок аны каалагандардын баары эле чет жактан сатып ала алышпайт экен. Себеби, мисалы Кытайда электромобилди жеке адамдарга эмес, атайын уруксаты бар юридикалык жактарга гана сатат жана өздөрүнүн баасы боюнча талаптары бар. Ошондуктан өзүбүздүн өлкөбүздө чет мамлекеттер менен жок дегенде биргелешкен ишкана ачсак да утушка ээ болгону турабыз. Бирок эмнегедир жүргүнчүлөрдү ташуучу “Белес” заводунун автобустары баардык уруксат документтери бүтүп, даяр болгондугуна карабай сатылбай турат.
Бул арада кытайлык ишкерлер Кыргызстанда машина, электромобиль куроочу ишкана ачуу боюнча келишим түздү.
Бул тууралуу "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому менен кытайлык "Гуандун Синьцзиян энерджи девелопмент" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда меморандумга кол коюлду.
“Кыргызиндустрия” ААК Кытайдын «Гуандун Синьцзинь Энерджи Девелопмент» ЖЧК менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул документтин алкагында тараптар уставдык капиталы 200 миллион доллар болгон Кыргыз-Кытай фондун түзүү жана аны 1 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатышат.
Ошондой эле машина куруу, атап айтканда электромобилдерди куроо (жылына 10 000) тармагында кызматташат. Энергиянын кайра калыбына келип туруучу тармагында кызматташуу да пландалып жатат. Ошону менен катар электрондук коммерция чөйрөсүндө кызматташуу, Кыргызстандын аймагында орточо аянты 50 000 м² болгон логистикалык борбор түзүү дагы маанилүү долбоорлордун бири.
Кызматташуудагы артыкчылыктуу тармактардын арасында IT технология (жасалма интеллект, учкучсуз учуучу аппараттар) жана коммерциялык спутниктин кызматын көрсөтүү дагы бар",- деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда өткөн жумада түштүк кореялык дагы бир компания электромобилдерди кубаттагыч жабдыктарын орнотуп, бир нече комплектисин бекер берерин да аталган ишкана жар салды. Эмнеси болсо да кытайлар менен электромобиль куроочу завод ачылып калса, жок дегенде Борбор Азия өлкөлөрүнүн рыногун ээлеп каларбыз.
Булак: “Майдан. kg” гезити