Быйылкы жылы өлкөбүздүн электр энергиясына болгон муктаждыгын жоюу багытындагы дагы бир долбоор ишке ашмакчы. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев социалдык тармактагы өзүнүн барагында жазды.

Анда “Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында ГЭС плотинасы, бурма каналы жана машиналык зал курула турган жер менен тааныштым. Ошондой эле курулушчулар менен долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычы, плотинанын кирме жолунун тазаланышы жана курулуш иштери жөнүндө сүйлөштүм.

Көз коркок, кол баатыр! Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган өтө маанилүү долбоор. Азыркы учурда биз болгон күчүбүздү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жумшай турган болсок, анын акыбети кайта турган күн алыс эмес. Андан сырткары, бул ГЭС менен биз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө мультипликативдик натыйжага ээ болуп, мигранттар жумуш орундары менен камсыз болуп, бүтүндөй бир чоң топтун өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөөрүн белгилеп кетким келет”,- деп айтты министр.

Ошондой эле министрдин маалыматы боюнча, эгер Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп калса, анда 5 млрд. кубометр суу топтолот жана ал бүтүндөй Борбор Азия мамлекеттерине оң таасирин тийгизет. Эгер курулуш иштери башталса, азыр Россияда иштеп жүргөн бир нече кесиби энергетик жана гидрокуруучу кыргызстандык мигранттар өз мекенине келишип, жумуш менен камсыз болушат.

Мындан мурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каржы ресурстары бар экенин, Финансы министрлиги курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 млн. АКШ долларын бөлө турганын айткан.

Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса кошумча 1000 МВт электр энергиясы берилип, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздамакчы.

Мурда аталган ГЭСти Өзбекстан менен куруу тууралуу сөз болгон.

Өзбекстан менен биргелешип куруу боюнча негизги маселелер карала электигин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев парламентте билдирген болчу. Кыйналсак да Камбар-Ата-1 ГЭСин өз каражатыбызга куруп алсак, анда толук мамлекеттин карамагында болуп, келечекте үзүрүн көрөрүбүз бештен белгилүү.

Булак: “Майдан. kg” гезити