Россиянын Табигый илимдер академиясынын академиги, Биологиялык изилдөөлөрдү көзөмөлдөө боюнча эл аралык ассоциациянын (IACBI) теңтөрагасы  Мурат Сүйүнбаев Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевге кайрылуу жолдоду. 

"Урматтуу, Касым-Жоомарт Кемелович!

Биринчи кезекте Сизди бир тууган жана өнөктөш эки элдин жана өлкөнүн мамилесин бекемдөө үчүн даанышмандык менен эмгектенип жатканыңыз үчүн ыраазчылык билдирүүгө уруксат этиңиз.

Биз баарыбыз COVID-19 пандемиясы бүткүл дүйнөнүн агымын кантип дээрлик токтотуп койгоунан күбө болдук. Мындан улам цивилизациянын биологиялык коопсуздугу адамзаттын башкы көйгөйүнө айланганына ынандык.

 Вирус бир жарым жыл мурда планетадагы миллиондогон адамдарды жабырткатканын дүйнө көрдү. Өлүм коркунуч жараткан жугуштуу дарт башбакпаган бир дагы өлкө калбады. Өзгөчө кырдаал киргизүү, карантин, изоляция бардык мамлекеттердин экономикасын байкалаарлык кыйратты.

 Ушул абалда акыркы жылдары КМШ өлкөлөрүндө жана алардан сырткаркы өлкөлөрдө АКШ көзөмөлдөгөн биологиялык лабораториялар өзгөчө көбөйүп баратат. Казакстан ошондой объекти жайгашкан өлкөлөрдүн бири. Бул лабораторияларда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн илимий пайдасынан башка коопсуздукка коркунуч да жаратат, бир гана өзүнө эмес, аны менен коңшу өлкөлөргө дагы.

Биз Сиздин БУУда айткан  биологиялык изилдөөлөргө көзөмөл кылчу эл аралык институциалдык системаны түзүү боюнча сунушуңузду колдойбуз.

Жакында Сиз “Казакстан Республикасынын биологиялык коопсуздугу жөнүндө” мыйзамына кол койдуңуз. Документте бактериологиялык (биологиялык) жана токсиндик куралдарды иштеп чыгуу, өндүрүү жана сактоо максатында патогендик биологиялык агенттер менен иштөөгө тыюу салуу белгиленген.

 Бизди айрыкча, Казакстан бийлигинин 2025-жылга Жамбыл обулусунун Кордай районундагы Гвардейски шаарчасында биолаборатория куруу ниети тынчсыздандырып жатат. Эгер андай болсо Кыргызстан менен чектеш аймакта BSL-4 (Biosafety Level 4) деңгээлиндеги лаборатория пайда болот, ал патогендер менен иштейт, а андан эч кандай коргонуу жок, болсо да абдан алсыз.

Ошондой эле, бизге белгилүү болгондой, Жамбыл облусунда курулуучу лабораториянын алдына патогендик микроорганизмдердин бир гана биздин аймакка мүнөздүү болгон  жергиликтүү түрү эмес, бүткүл дүйнөдөгү өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды чогултуп сактай турган жай ачуу да пландалып жатат.

Кыргызстандын жарандык коомчулугу бардык мамлекеттерди аскердик максатта жургүзүлгөн бардык биологиялык, бактериологиялык, вирусологиялык изилдөөлөрдү ачык көзөмөлгө алууга чакырат.

Кыргыз Республикасы 2004-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1971-жылдын 16-декабрындагы 2826 (XXVI) резолюциясы менен бекитилген Бактериологиялык (биологиялык) жана токсиндик куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сактоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу боюнча эл аралык конвенцияга кошулган. Ага 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган.

Жыйынтыгында, Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасында биринчи болуп биологиялык лабораторияны куруудан баш тартты. Лаборатория Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакка курулушу керек эле. Бирок кыргыз жарандык коому көп сандаган митингдерди өткөрүп жатып, өлкө жетекчилигин  мындай кадамдан баш тартууга аргасыз кылды.

Кыргызстандын жарандык коомчулугу ЖККУну, дүйнөлүк коомчулукту, бардык өлкөлөрдүн лидерлерин, БУУ агенттиктерин, бардык эл аралык уюмдарды штаб квартирасы Бишкекте жайгашкан биологиялык изилдөөлөрдү көзөмөлдөө боюнча Эл аралык агенттигин (МАКБИ) түзүү демилгесин колдоого чакырат. Анын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында түзүлгөн, бүгүнкү күндө бардык ядерлик  изилдөөлөрдү көзөмөлдөгөн  Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигине (МАГАТЭ) окшоштуруу болжолдонууда.

Биз планетанын бардык тунук ой жүгүртө алган, цивилизациялуу калкы, бардык дүйнөлүк коомчулук, өз элинин тагдырына кайдыгер карабагандар бул демилгени колдооруна ишенебиз. Биргелешкен көзөмөл гана бардык лабораториялардын биологиялык изилдөөлөрүндөгү аскердик багыттарды токтотот.

Буга байланыштуу жана жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Сизге чек ара аймагына биолаборатория куруу боюнча чечимиңизди кайра карап, андан баш тартуу өтүнүчүн келтиребиз. Эгерде баш тартууга мүмкүн болбосо, объект жайгашкан жерди Казакстандын алыскы аймагына, кыргыз чек арасынан мүмкүн болушунча алысыраак жайга куруу вариантын карап чыгышыңызды суранабыз. Ошондой эле, мындай объекттердин потенциалдуу кооптуулугун эске алып, биологиялык изилдөөлөрдү жана эксперименттерди эл аралык катаал көзөмөлгө коюп турушуңузду суранат элек", - деп жазылган кайрылууда.