Кыргызстанда бир катар мыйзамсыз, кылмыштуу иштерди кылып, кыл жип менен бууп коюп, ѳздѳрүн сүттѳн ак кѳрсѳтүп, башкаларга акыл айтып жүргѳн саясатчылар бар. Алардын арасына Исмаил Исаковду да кошууга болот. Ооз ачса кооз сүйлѳгѳнү менен ѳзүнѳ тагылган айыптарды эч качан моюнга албай келет.

Башкы прокуратура Убактылуу ѳкмѳттүн мүчѳлѳрүнүн мүлктѳрү боюнча маалымат сураса, Исмаил Исаков үйү менен автоунаасынан башка эч нерсеси жоктугун айтып, эртелеп «паника» болуп чыкты. Чындап эле эч нерсеси жок болсо, анда эмнеден коркуп, чочулап, чый-пыйы чыгып  атат? Бизде тагылган айыптарга саясий түс берүү адатка айланган. Мурдагы коргоо министри да ошентти. «Биздин мүлктѳрдү алып, Бакиевдерге бергени жатышат» деди. Бул эми күлкүнү гана келтирет. Алынган мүлктѳрдүн тагдырлары кандай болоорун кѳрѳ жатарбыз. Бирок Исмаил Исаков Убактылуу ѳкмѳттүн мүчѳсү катары мыйзамсыз мүлктѳргѳ ээлик кылгандыгы  аныкталса, алар мамлекетке кайтарылып, анын мыйзамсыз иш-аракеттерине мыйзамдык чаралар кѳрүлсүн! Ош окуясынын чыгышына күнѳѳсү бар болсо, ал үчүн да жоопкерчилиги каралсын!