Орусиянын президенти Владимир Путин май айынын аягында Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышат. Ал иш-чарага онлайн катышары же Бишкекке келери азырынча белгисиз, деп билдирди шейшембиде Орусиянын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
«Биз экөөсүн тең жокко чыгарбайбыз, бирок кандай болгон күндө да ал катышат», - деди Кремлдин өкүлү Путин форумга барабы же онлайн сүйлөйбү деген суроого жооп берип жатып. Песков иш сапардын чоо-жайы кийинчерээк жарыяланарын кошумчалады.
2022-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү. Евразия экономикалык форуму ЕАЭБ органдарына төрагалык кылган мамлекетте өтөт. Иш-чара 26-майга белгиленген. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны кийинки күнгө белгиленген.

Булак: Баракелде