- УКМКнын “Дастан” акционердик коомунун мурдагы жетекчиси деп аталганы менен Кыргызстандын тарыхындагы эң атактуу ууру, энергомафиянын атасы А.Ширшовдун камалышы чынында эле чоң окуя. Эми А.Ширшовду кармагандан кийин анын табакташтарынын да изин таап, С.Бегалиев сыяктуу кыргыз элинин ырысын уурдап чет өлкөдө жыргап жашап атканды алып келип, мыйзамдын негизинде соттоп, бүт мүлкүн конфискация кылууга жетишсе, улуттук маанидеги чоң иш болот эле. А.Ширшов менен С.Бегалиев А.Акаевдин заманынан бери келе жаткан кыргыз энергетикасын уурдоонун схемасын түзүшкөн, мамлекеттик масштабдагы эң ири коррупционерлер болгондуктан алардын тамырын кыркуу оңойго турбайт. Алар түзгөн коррупциялык схема бүгүн деле ийгиликтүү иштеп атат. Булар жөн гана уурулар эмес, кыргыз мамлекетин карызга батырып, экономикасын талкалаган коркунучтуу мафиялык күчтөр болуп эсептелет. Булар ар бир келген президентке жол таап, өздөрүнүн арам махинацияларын ишке ашырып, акырында мамлекет башчысын аңга түрткөндөр. Алардын арам сыйкырына алданбай, азыркы президент жана УКМК башчысы А.Ширшовдун мыйзамга ылайык жазасын берүү менен чектелбей, алардын мафиялык тобуна киргендердин бардыгын таап чыгып “кустурса” чоң тарыхый окуя болмок деп эсептейм.
Булак: “Майдан. kg” гезити