- Ширшовго буга чейинки бийликке келген Убактылуу Өкмөт, Атамбаев, Жеенбековдордун тиши өтпөй койгон. Алар менен жыйганын бөлүшкөнбү, же байланышы барбы, айтор тийишишкен эмес. Эми бир эле Көлдөгү имараттарды эле карабай бүт болгон коррупциялык схемаларды карап, жок кылыш керек. Өзгөчө энергетика тарабындагы коррупцияны да кан буугандай бууй турган учур келди. Бийликтин коррупциянын ана башы болгон Ширшовду жоопкерчиликке тартууга эрки жетет. Эң негизгиси бийлик менен байланышы болуп, көмүскө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “кусам” деп кутулбашы керек! Тагыраагы, миллиард доллор жеп, бир миллион сом төлөп кутулбашы керек! Азыркы бийликте деле Ширшовдун кадрлары бар, энергетика тармагында. Ошон үчүн бийликтегилер сатылбай, мыйзамдын негизинде жоопко тартып, кетирилген чыгашаларды эселеп бюджетке түшүрүшү керек. Ширшовдун кадрларына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Кыскасы, жалгыз эле Ширшовду төлөтпөй, жанындагы жан жөөкөрлөрүн, табакташтарынын баарын төлөтүш керек. Балкыбековду дагы эстен чыгарбай, жоопкерчиликке тартыш керек. Тагыраагы, алып келип камаш керек!
Булак: “Майдан. kg” гезити