- Ширшовду кармаганда “чё толку”? Баягы эле 260 миң сом төлөп, кутулуп кетет да. Ушул бийлик колдоруна жакшы эле тийип, Конституция, Кылмыш-Жаза кодекстерди өзгөртүүгө эл да сонун мүмкүнчүлүк түзүп берди эле го, эки дос Жапаров менен Ташиевге. Булар жумшактык-боорукерлик кылыштыбы, же кайдыгер мамиле жасаштыбы, айтор жеп-ичкич коррупцияга азыр мыйзам боюнча жеңил, алтын доор. Же, силер уктуңар беле, акыркы 2017-жылдан бери “коррупциячы 10 жылга кесилди, үй-мүлкү конфискацияланды”- деп ? Угуп-көргөн жокпуз, унутулуп кетти андай адилеттүүлүк. А мындай гуманизация деген мыйзамды жазган Текебаев болчу. Атамбаев 2017-жылы кол койгон. Сокенин тушунда 2019- жылы күчүнө кирген бул кылмыштуу Уголовный кодекси. Эки досто азыр да шанс бар, хотя бы, Референдум өткөрүү жолу менен коррупциялашкан кылмышкерлерди оор жазага тартуу үчүн.
Булак: “Майдан. kg” гезити