- Сиз кандай ойлойсуз, бүгүнкү бийликте, президенттин эрки коррупциянын символдорунун бири Ширшовду толук жоопкерчиликке тартууга жетеби же мурда болуп жүргөндөй эле жазадан кутулуп кетеби? Азыркы бийликте дагы Ширшовго жан тарткан табакташтары болушу мүмкүнбү?
- Ширшовдун коррупциялык схемасы тууралуу көп жылдан бери айтылып келатат. Анын энергетика жаатындагы коррупциялык схемасы мамлекетке олуттуу зыян келтирип жатканын убагында көбү ачык айтышып, жоопкерчиликке тартуу талабын коюшкан. Бирок ал мурдагы бийликтегилер мындай кадамга бара алышкан жок. Бүгүнкү кармоону мен эл арасында айтылып келаткан коррупциялык схемага чекит коюу максатында болду деп кабыл алдым. Чын эле ширшовдук схема барбы? Бар болсо кандай иштейт? Ушул кезге чейин мамлекетке канча зыян келтирүүгө жетишти? Ушул суроолорго жооп алынгандан кийин, күнөөсүнө жараша андан аркы тагдырын сот чечээри анык. Ал эми Ширшовдун учурдагы бийликте табакташтары бары-жогун дагы тергөө аныктайт чыгаар, ал тууралуу эч нерсе дей албайм.
Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көп жылдан бери коррупциянын жедеп кыныгын алып калган “легендарлуу” коррупционерлерди кармап жатканы мактаарлык көрүнүш. Коррупцияга аралашканы айтылып, бирок бийлик тарабынан анын тизгинин тарттырган аракеттер жасалбагандыктан, Кыргызстанды менчик үйүндөй бийлеп, байлыгын талап келишти. Андайлардын бир тобу ушул бийлик тушунда мыйзам жоопкерчилигине тартылып жатканына күбө болуудабыз. Менин оюмча, Ширшовдун күнөөсү далилденсе, кымтып алгандарын мамлекетке кайтарып берүү келишими менен эркиндикке чыкса керек. Чындыгында, абакта кармоонун кандай зарылчылдыгы бар? Коррупционерлерди кармоодогу башкы максат мамлекеттин уурдалган байлыгын кайра өзүнө кайтаруу эмеспи.