Блогер Назира Айтбекова аял-эркек мамилеси тууралуу ой жүгүртүүсүн соцтармактагы баракчасына жазды:
- Бир адам үй салып жатса , ал үйдө түбөлүк жашайм десе ал үйдү кынаптап, далай каражатын сарптап, кубатын кетирип жасайт. “Бул үйдү сатып жиберем!” деген ою болсо, иши кылса чампалап салат.
Менин оюмча эгер бир эркек бир аялга салым кошуп, эмгек кылып жатса, “Сен менин түбөлүктүүмсүң. Дагы далай жашайбыз. Кышыбыз да , жазыбыз да чогуу болот. Кам көрөлү!” дегендик.
Бир эркек бир аялга эмоционалдык жактан салым кошсо, “Азыр учурду аябай жакшы өткөрүп алалы. Бул күндөр кайтпайт” дегендик. Ал аял менен таттуу, жаркын күндөрү болот, бирок убактылуу гана. Учуру келгенде ар ким уясына тарайт.
Эгерде бир аял материалдуулукка басып жасап, чыр салып атса, аң сезиминин алдында “Мен түбөлүктүү калгым келип атат жаныңда. Бизге уя сал!” дегендик. Аялдын көзү акчадан катып жаткандан улам эмес. Ар бир аял уялуу болгусу келет. Анткени ал жакта тукумун улайт...