Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыковдун айланасындагы кырдаалга комментарий берди.

Байсалов мамлекет тарабынан кыргыз маданиятын, өзгөчө элдик чыгармачылыкты жана манасчылардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулуп жатканын жазган. Байсалов мунун баары Садыр Жапаровдун эмгеги деп эсептейт . Ал оң да, терс да таасир калтыра алган адамдар бар экенин белгилейт. Алардын бири манасчы Дөөлөт Сыдыков.

"Дөөлөт Сыдыков өлкө жетекчилигинин пландарына каршы болгон. Ал Манас айылынын аймагын алалы деп айтканда, мен көңүл бурган жокмун, туура эмес түшүнүп алды го деп ойлогом. Кийин бул жерге президент өзү барып, эскиздерин көрүп, "Манас" айылына тиешелүү жерлерди эч кимге берилбей тургандыгын айткан. Бирок, андан кийин да Сыдыков чагымчыл билдирүүлөрдү жасай берди. Ошондуктан мен анын максаттарынын чындыгынан күмөн санай баштадым",-деп жазды Байсалов.

"Ал улуу манасчы эл башчыларынын сөзүнөн күмөн санайт беле?" деген суроо калтырып, Сыдыковдун аракетин ызы-чуу салуу (хайп) аракети деп атады.

"Сыдыков Гиннес китебине кирип, өзүн Саякбайдан жогору койгондун ордуна, алардын кандай адамдар болгонун изилдеп чыгышы керек болчу. Кыргыз тарыхында бир да манасчы "Манаска" көлөкө түшүргөн эмес. Ал Ата-Тоо аянтында эч нерсе жебей-ичпей, 14 саат манас айтканда бул адамдын максаты эмне экен деп таң калгам. Бул Манас айтуу эмес, өзүн кыйнап жатканы. Көрсө, Дөөлөт Сыдыковдун максаты жөн гана хайп болуу экен", - деп жазган Байсалов.

Булак: kaktus.kg