Ош шаардык ички иштер башкармалыгында эки жума мурда орун алган “кадрлык тазалоо” жөнүндө жаңылыкты окуган биз, чынын айтканда, түштүк борборунун милиция жетекчилеринин кызматка кылган кыянатчылыгына кыжырыбыз кайнап чыккан. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин гана “иттин өлүгү” кайда көмүлүп жатканына түшүнө баштадык. Себеби, кызматтан түшүнүксүз жагдайда алынган Ош шаардык ИИБнүн башчысынын орун басары Абилбек Алымкулов да, тергөө кызматынын начальниги Алмазбек Кадыров да азыр баш чайкап, адилеттүүлүк издеп, убара болушууда.

Аталган милиция жетекчилеринин кызматтан алынышы боюнча кабарда, кыскача эле, S-Line турак-жай кооперативине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча бул экөөнүн өз кызыкчылыгы бар экендиги айтылган. Анткен менен, окуялардын өнүгүшүн логикалык туюм менен карай турган болсок, бул жерде кызыкчылык аталган курулуш кооперативинин жетекчисин камакка алган милиция жетекчилерин кызматтан алган Бишкектеги начальниктерде бар болуп жатпайбы!

Өзүңүздөр билесиздер, акыркы кезде жеңил жана арзан баада үйлүү кылып салуу убадасы менен элдин башын айлантып, акчаларын алып алгандан кийин куйрук түйүп качып кеткен кооперативдер жамгырдан кийинки козу карындай жайнап кетпедиби! Президент Садыр Жапаров дагы ушундай алдамчылык менен шугулданган айбандарды жоопко тартууну тийиштүү органдарга тапшырма берген. S-Line турак-жай кооперативинин үстүнөн 30га жакын адам арыз жазган. Алар алгач 218 миң сомдон кооперативге катталуу үчүн кирүү акысын төлөшүп, ай сайын келечектеги “батири” үчүн акча салып турушкан. ИИМдин маалыматы боюнча, элге келтирилген зыян 40 миллион сомду түзгөн. Эми эң кызыгын айталы, S-Line турак-жай кооперативинин башчысын алгач Бишкекте колго түшүрүшкөн. Темир торду артында бирок ал көпко олтурган жок, крышасы күчтүү экен, канча адамдарды сыздатканы эсепке алынбай, боштондукка чыгып кетет. Мына ошол жазадан жеңил кутулуп кеткен алдамчы-аферистти Ош шаарынын милициясы кайрадан кармап, мыйзамдуу чара көрүп жатканы Бишкектен кимдир-бирөөгө жакпай калган. Ошондуктан, шүмшүктү колго түшүргөн ак ниетүү милиционерлер кызматынан кол жууп жатпайбы!

Ал эми элди 40 миллион сомго сызга олтургузуп кеткен турак-жай кооперативинин аферист жетекчисин Бишкектеги “крышасы” сот аркылуу баш коргоо чарасын өзгөртүп, оңой эле чыгарып алган. Ишти караган судья Темирбек Курманбековдун репутациясы дагы күмөн жаратат. Анын жашаган үйүн карасаң эле иш стили кандай экени дайын болот. Судья Курманбековдун акмакчылыгы муну менен эле бүтүп калган жок. Кечээ жакында баңгизат жүгүртүүгө шектелип, колго түшкөн кылмышкерди “анчалык оор эмес категориядагы иш”- деп үй камагына чыгарып жибергенинде эмне сыр бар? Качантан бери баңгизат жүгүртүү “анчалык оор эмес кылмыш” болуп калган? Юристтер түкүрүп жатышат! Бул кылыгынан улам Ошто S-Line турак-жай кооперативинен жабыр тарткан жарандар митингге чыгышып, судьянын өзүн жоопко тартууну талап кылышууда!

Бул маселе боюнча иликтөөбүз уланып жатат. Жаңы маалыматтарды жакында ачыкка чыгарабыз!