Буга чейин депутат Улан Бакасов парламент жыйынында Адахан Мадумаров менен кайым айтышкан видеосу соцтармакка тараган. Анда Бакасов баракка жазылган сөздү окуп урушуп жаткандай таасир калтырган.
Бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында, Улан Бакасов өзү тууралуу айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп кайтарды. Ал Мадумаровго карата айтылган сөздөрдү барактан окубаганын белгиледи.
"Барактан окубаганыма Кудай жана кесиптештерим күбө. Ооба, менде чечендик жок, бирок ой пикиримди жеткирип айта алам. Биз баарыбыз парламентке элге жардам берели деп келгенбиз, 89 депутат өлкөгө, өзүнүн аймагына кандайдыр бир пайдамды тийгизсем деп чуркап жүрүшөт. Бир гана Адахан Мадумаров андай кылбайт. Эмнеге экенин айтайын. Мен бул кишини патриот, калыс адам деп ойлочумун, бирок андай эмес экен. Калыстыгы болсо, мени барактан окуган жок деп айтмак да", - деген депутат баары бийликти сындоого уста экенин, бирок жакшы иш жасоо такыр башка нерсе болоорун белгиледи.
Андан ары ал Адахан Мадумаровго кайрылды:
"Бизге карата сын айта бергенди токтотуңуз. Эмнеге сизди сыйлабай турганымды билесиз. Дагы бир жолу сындасаңыз, сиз жөнүндө билгенимди баарына айтам, ошондо эл дагы сизди сыйлабай калат", - деди Улан Бакасов.