- Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу боюнча дагы бир маселе жаралууда. Акаевдин тушунда Айдар, Бакиевдин тушунда Максим, Атамбаевдин тушунда Икрам дегендер болгон эмеспи. Бүгүнкү күндө курулуш дирекциясынын жетекчисине “Рыжий Марат” деген каймана ат коюп алышып, аны менен катар Арзыбек Буркановду “серый кардинал” деп аташып, “булар президенттин жанынан чыкпай калышты, президентти жаман жолго башташат, ал буларды укпаш керек” дегендей пикирлерди айтып жатышат. Мындай пикирлердин чын-калпын тактап койсоңуз?
- Президенттин жакындары бийликке аралашкан болсо, аларды айтып чыгышат эле. Жакындары жолобойт, чечимдерди өзү кабыл алып жатат. Нурсултан Назарбаев жаңы шаар курам деп коомчулуктун басымында калган. Бирок ага карабай килейген шаарды курду. Азыр баары ошол шаар менен сыймыктанып калышты. Биздин президентке да ушундай күн келет. Садыр Жапаровдун башкаруу борбору бир имаратка жайгашып, шаарды жеңилдетип, иш чараларды элге таркатуу жагы бир жерден кетсин деген аракетине тарых алтын баасын берет. Экинчиден, президенттин жанында жүргөндөр деп ар бир президентке айта берсе болот. Айдар, Максим боюнча убагында Садыр Жапаров сындап чыккан. Депутат боло электе эле Кумтөр маселесин иликтеп, “депутат болмойунча, бул маселенин аягына чыга албайт экем”, - деп депутат болгон. Муну айтып жаткан себебим, мындай көрүнүштөрдү президент өз жон териси аркылуу өткөргөн. Макул, бүгүн анын айланасында иштеп жаткандарды кетирели. Башкаларын алып келели. Бирок кийинки келгендерди деле “президентке жакындап алды” деп чыгышат да. Мени деле “бул Усубалиевдин убагынан бери жүрөт, карып калды, кетириш керек”, - дегендер бар. “Мекенчилде”, Садыр Жапаровдун жанында жүрдүк эле, бизге кызмат бербей, башкаларды алып келип алды”, - дегендер да жолугат. Президенттин өзүнүн акыл-эси, ой тутуму, чечими, буйруктары болбойбу? Башкалардан көз карандыбы?
Президенттин милдетин аткаруучу болуп турганында мени чакырып: “Президенттик аппаратты жетектеп бериңиз, ыкчам ишке киргизели, укуктук талаага өтөлү”, - деди. Ошондо эле бир да кызматкер кызматтан бошотулбай турганын, “бул тигинин, бул мунун кадры” деген түшүнүк болбошу керектигин эскерткен. Президенттик администрацияда көп жылдан, Акаевдин кезинен бери иштеп келаткан эксперттер, бөлүм башчылары бар. Бири да иштен кеткен жок. Алар саясат менен иши жок, өз милдетин мыкты билген адистер. Президент кадрдын кесипкөйлүүлүгүнө гана басым жасады. Албетте, азыр кадр саясатында оош-кыйыштар болуп жатат. Бирок “көч бара бара түзөлөт” дейт. Иштеп баштаганына бир гана жыл болду. Бир жылдын ичинде көптөгөн жакшы иштерди жасады. Буйруса, бул жагы да жолго коюлат.
Маектешкен Нургазы Анаркулов