- Сиз менен буга чейин да маектешип, анда да ушул суроону бердим эле. Бирок акыркы учурда кайрадан президент менен анын саясаттагы жана турмуштагы досу, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди шыбамайлар башталды. Бул айрым саясатчылардын эки лидердин ынтымагын бузалы деген максаты экени билинип турат. Тактоо иретинде сизден дагы бир жолу сурайын, биринчиден Садыр Жапаров өлкө башчысы катары Камчыбек Ташиевдин кылган ишин кандай кабыл алып жатат, жумушуна ыраазы элеби? Экинчиден, экөөнүн ынтымагы дагы деле мурдагыдайбы?

- Кыргызда дагы бир улуу сөз бар: “Жараткандын аты ким десе, дос деп айтат экен”.  Кыргызда достукка өтө маани берилет. “Эр Табылдыдагы” Элдияр – Эрмек эки дос. “Курманбектеги” Курманбек менен Аккандын достугу. Мен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин достугу кылымдарга үлгү катары калат деп ойлойм. Себеби, мамлекеттик саясатты ишке ашырууда көптөгөн пикир келишпөөчүлүк болот. Ушул кезге чейин экөө өз ара чыр-чатак маселесине киришкен жок, бирок кириштирүүгө аракеттер өтө көп болуп жатат. Экинчиден, адамдык касиет. Президенттин башынан көп кыйынчылык өттү, абакта жатты, куугунтукталды, үй-бүлөсү канча жабыр тартты. Ошондой учурда тикесинен тик туруп, улам президенттерге кирип, кара жанын карч уруп Камчыбек мырза жүрдү. Суктанып эле карадык да баарыбыз. Президенттин инаугурациясы бүткөндөн кийин Камчыбек мырза ачык эле: “Мен досумду президент кылам деп кыялданчу элем. Ошол кыялыма жеттим”, - деп айтпадыбы. Булар бирдеме бөлүшкөн дос эмес. Элдин жоопкерчилигин алып, күнү-түнү чапкылап жүрүшөт. Камчыбек Ташиев канча жолу оор акыбалда ооруканага жатты. Ден соолугун текшертүүгө учуп баратып, мамлекетте көйгөй башталса, учагын кайрып, кайра учуп келген күндөрү болбодубу. Ырысы келишкен, жылдызы жанашкан, таалай, бактысын бир жипке байлаган достордун өлкөнү алдыга сүйрөө аракети чоң. Мурдагы президенттердин да ушундай досу болгондо, азыркыдай абалга кабылбас беле. Буларды кагыштыруудан майнап чыкпайт. Анткени, булар турмуштун кыйынчылыгынан чогуу өтүп, бири үчүн бири тик туруп берген достор.

 Экинчиден, президент, УКМК башчысы, Министрлер кабинетинин төрагасы, Чек ара кызматы боюнча жетекчи эки күндүн биринде пикир алышып турушат. Айрым учурда өтө курч маанайда өтөт. Бирок сөзсүз президенттин кабинетинен бир чечимге келип чыгышат. Садыр Жапаров саясий маданиятты орното алды. Ар ким өзүнүн жумушун аткарат.

Маектешкен Нургазы Анаркулов