Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев студенттердин практикасына шарт түзбөгөнү үчүн 12 медициналык колледжди жабуу жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу министр 7-каналга билдирди.

Ошондой эле тиешелүү чечимдерди кабыл алуу өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнө жана Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөттү.

Жабыла турган медколледждердин тизмеси:

  • Ош облустук медициналык колледжи;
  • К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин алдындагы медициналык колледж;
  • «Авиценна Билим» медициналык колледжи;
  • Н. Пирогов атындагы медициналык колледж;
  • Ысык-Көл медицина жана стоматология колледжи;
  • Кочкор-Ата аймактык колледжи;
  • ISITO медициналык колледжи;
  • «Дулдул Тоо» Араван колледжи;
  • С. Тентишев атындагы АзМИнин медициналык колледжи;
  • MUNIB медициналык колледжи;
  • Медицина жана фармация колледжи.


Булак: Булак.кж