- Учурунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астана шаарын куруп баштаган мезгилде коомчулук катуу каршы чыккан. Ар кандай сындарды угууга туура келген. А азыркы күндө бул шаар эң кооз шаарлардын бирине айланды. Азыр бизде Асман шаарын куруу боюнча демилгени жомок катары кабыл алып жатышпайбы. Андай эмес, балким, келечекте ишке аша турган идеялардын бири?
- Өлкө жетекчилери деле экономикалык, идеологиялык саясаттан тышкары да журт башчылары катары “артымда бирдеме калсын” деп кыялданышат да. Асман долбоору боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бирок бул долбоор - президент мырзанын абдан аздектеген, сактап келген, көлдүн көркүн ачсам деген кыялы. Учурда долбоор иштелип жатат, бир нече долбоорлор сунушталды, бир нече инвесторлор менен жолугушуулар болду. Муну күтө туралы. Кыялданбаган, умтулбаган, элимди, жеримди оңдойм дебеген жетекчиден түңүлүш керек. Көзүн жылтыратып эле отура бериши керекпи? “Мен бул жолдун курулушун аягына чыгарам, бул фабриканы курам” деп күнүгө аракеттенип жаткан адамдын колуна чаппаш керек.
Маектешкен Нургазы Анаркулов