“Кумтөр” кени Кыргызстанга толугу менен өткөндөн кийин айрым саясатчылар башка дагы тоо-кен ишканаларынын лицензиясын кайрадан карап чыгып, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбегендерди алуу керектигин айтып чыгышты. Алар бардык тоо-кен ишканаларынын жок дегенде 25 пайызы мамлекеттики болушу керектигин белгилешти. Мындай билдирүүлөр инвесторлорду кооптондурууда. Анткени, жер байлыгын иштетүү боюнча ири долбоорлорго 100 миллиондон 500 миллион долларга чейин инвестиция салынган. Эксперттер мындай билдирүүлөр инвестициялардын келишине терс таасирин тийгизээрин айтышууда.
Кыргызстандын эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков кайсы бир кенди иштетүүдө мамлекеттин үлүшүн бекитүү иш башталганга чейин жүргүзүлсө туура болмок деп эсептейт.
“Кандайдыр бир долбоордо мамлекеттин үлүшү болсун десек, аны эң башында айтыш керек. Иш башталып, инвестор 300-400 миң доллар салгандан кийин айтып чыккан туура эмес болуп калат”, - дейт ал.
Ал эми Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев “мындай билдирүүлөр инвестициялык климатка чоң сокку болот” дейт.
“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Улан Пиримовдун айтымында, “Кумтөр” менен башка тоо-кен ишканаларын салыштырууга болбойт.
“Кумтөр” өтө чоң, стратегиялык кен. Ал мамлекетке өткөндөн кийин башка кендерди дагы мамлекет өзүнө алышы керек деген сунуштар депутаттар тарабынан айтылып баштады. Айтылган учурда дагы баары мыйзам чегинде болушу шарт. Инвестор мыйзам иштеген өлкөгө гана келет”, - дейт депутат.
Кыргызстандын бюджетинин 20 пайызы тоо-кен ишканалары төккөн салыктын эсебинен толоорун эске алганда, алардын экономикага тийгизген таасири абдан чоң. Ошол эле убакта, инвесторлор өздөрү кенди иштеткенден 10-15 жылдан соң гана кетирген каражатын актап, киреше таба башташат.
Коңшу Өзбекстан тоо-кендин өлкө экономикасына тийгизген таасирин өз убагында баамдай алды. Учурда бул өлкөдө кен иштетүүчү тармакка жеңилдиктер берилүүдө. Президенттин жарлыгы менен нефти менен газ өндүргөндөргө салык 10 пайызга, алтын менен жез өндүргөндөргө 7 пайызга, вольфрамга – 2,7, уранга – 8 пайызга ылдыйлатылды.
Биздин президент Садыр Жапаров дагы тоо-кен тармагында буга чейин лицензия алган компаниялар ишмердүүлүгүн уланта берээрин, инвесторлордун кызыкчылыгын мамлекет коргой турганын айткан.