Темиров LIVE каналынын кезектеги "иликтөөсү" президент Садыр Жапаровдун бейөкмөтчүлөр менен байланышы тууралуу сөз болгон. Мамлекет башчы менен байланышы бар бейөкмөтчүлөрдүн арасында белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакупова да бар. Жарандык активист Адиль Турдукулов бул боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына калтырды.
"Темиров "эл душманын" Жакуповадан тааптыр. Ачыгын айтайын, бул иликтөө эмес, болбогон нерсе. Чолпон Жакупова менен беш жыл мурда Садыр Жапаровдун атасынын зыйнатына барганбыз. Баары анын кудача экенин билишет. Маанилүүсү, 30 жылдан бери Темиров болбогон сөздү айтсын деп система үчүн күрөшүп келатканы", - деп жазды Турдукулов.
Белгилей кетсек, Адиль Турдукулов батышчыл көз караштагы активист катары белгилүү. Ал буга чейин Темиров LIVE командасын колдоп келген.