Олжобай Шакир деген калемгер бар. Ѳзүнүн батышчыл кѳз караштарын таңуулап, кѳз караштары дал келбегендерди, Россияга ыктагандарды орускул атап,  «сѳгүп», «тилдеп» турганды жакшы кѳрѳт. Мына ошол батышчыл  Олжобай Шакир ѳзүнүн акырлашы, табакташы  Болот Темировду сүттѳй аппак кылып, анын кылмыштуу иштери үчүн Камчыбек Ташиевди айыптоодо. Кооз, пафостук сѳздѳр менен айтсам, эл ишенип, максатыма жетем дегенби, журналисттик, жазуучулук шилекейин жакшы эле чачыратыптыр. Анан айткандарына ишенсек, Болот Темировго козголгон  кылмыш иштеринин артында Камчыбек Ташиев турат имиш. Суроо туулат, Олжобай Шакирге бал тилин агытып, Ташиевди бутага алып, Темировду коргоп кирүүсүнѳ  эмне себеп болду? Темировдун кылмыш иштери, мамлекеттик документтерди жасагандыгы ачыкка чыккандыктан, коомчулуктун кѳңүлүнѳ башкага буруу үчүн Ташиевди каралоо кампаниясыбы? Ушундай жол менен Темировдун кылмыштуу иштерине саясий түс берип, «суудан кургак чыгуу» аракетиби? Болбосо, Темировдун мурдагы кылмыштык аракеттерине  Ташиевдин кандай тиешеси бар?  Россиянын жараны экендиги, паспортторду алууда жасалма документтерди колдонгондугу, чек аралардан мыйзамсыз ѳткѳндүгү  аныкталып атпайбы. 

Кызыгы, Олжобай Шакир ѳзүнүн монологунда  Темировдун кылмыштуу иштери жѳнүндѳ бир ооз сѳз кылбай, башынан аягына чейин К.Ташиевди, анын үй-бүлѳсүн каралоого алды. Эгерде фактылар сүйлѳп атса, кантип сѳз кылмак эле. Анчалык эмне чый-пыйы чыгып атат? Темировдун ишинде чын эле саясат бар болсо, ал эртең эле билинип, Темиров жоопкерчиликтен кутулат. Кылмыштары далилденсе, мыйзам чегинде жооп берүүгѳ туура келет. Поезддин алдына түшүп алып жүгүрүп, айгай салып, саясий түс берүүгѳ жандалбастап, элдин башын айландыруунун кереги жок.