Бүгүн кокусунан КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов менен жаш, таланттуу кинорежиссер, "Дарак ыры" тасмасынын жаратуучусу Айбек Дайырбековдун баарлашуусуна күбө болуп калдым. Учурда Айбек дагы бир жакшы жөрөлгө баштаган - келечегибиз болгон балдарыбыз үчүн мультфильм тартуу үстүндө.

"Эгемендик алгандан бери өлкөбүздө болгону он чакты гана мультфильм тартылыптыр... Балдарыбызга туура жол көрсөткөн, оң тарбия берген мультфильмдер керек. Улуттук өзгөчөлүк дагы камтылышы керек. А бизде азыр Батыштын мультфильмдери басымдуулук кылып, алар балдарды такыр тескери жакка тарбиялап жатат", - деди А.Дайырбеков.

Эң туура маселе көтөрдү, ошондуктан, Мамлекеттик катчы да Айбектин аракеттерин толук колдоого алаарын билдирди.

Мындан тышкары, Айбек комуздун тарыхы жөнүндө да Мамлекеттик катчыдан сураганы келгенин айтты. Комуз жөнүндө Сүйүн байкени өзүнчө энциклопедия десек жарашат. Ошондуктан, "баарын айтсак божомол түрүндө айтылган, кел, экөөбүз ушул комуздун тарыхын жазып чыгып, даңазалайлы"- деп айтканы жүрөк жылытты.

Мамлекеттик катчы менен жаш режиссёр дагы көп пландарды такташты. Мунун баары ишке ашса Кыргыз эли үчүн чоң байлык болот. Ийгилик каалайм!

Нургазы Анаркулов