Ѳздѳрүн канчалык эл аралык журналистиканын принцип, стандарттары менен иш жүргүзгѳндѳр  катары сыпатташпасын, бирок «Азаттыкчыларың» деле саясаттын сасык оюндарынын капшабында калышары кашкайган чындык. Тиги же бул саясатчынын, же саясий топтун кызыкчылыгын кѳздѳшүп, иликтѳѳлѳрүндѳ  бир тараптуулукка жол беришип, позицияларына туура келсе, бир темага  кайра-кайра кайрылышып, туура келбесе, иликтѳѳгѳ муктаж маселени билсе билмексен, кѳрсѳ кѳрмѳксѳнгѳ салып коюшарын кыргыз эли жадыбалдай эле  билип бүттү. Мына ошол «Азаттыктын» мектебинен чыккан Айданбек Акматов деген журналист Адахан Мадумаровдун этегине эрмешип, аны кумир, идеал туткандан бери калыстык, чындык, кѳп тараптуулук дегенди таптакыр унутту. Бардык маселени Мадумаровдун кѳз карашынын призмасынан карап, акты кара, караны ак деп, калыстык дегенди мындай коелу, нейтралдуулук, лоялдуулук деген эмне экенин билбей калгандай. А.Мадумаровго ким жакпаса, ким анын саясий оппоненти болсо, аны бир тараптуу жаманатты кылуу, факт, аргументтерден аттап ѳтүп, максаттуу түрдѳ каралоону журналисттик милдетине айландырып алды.

А.Акматовдун бул ирет иликтѳѳчү журналист Болот Темировду актап, жактап, ага УКМК тѳрагасы Камчыбек Ташиевди байланыштырып, жалган маалыматтарды таратып, элдин башын айландырып атат. Саясий күрѳштѳ, маалыматтык согушта деле факт, аргумент дегендер болушу керек го. Калпты чындыктай кылып айтып, маалыматтарды бурмалап, бир жактуу каралоого Айданбек мырзага анчалык эмне күч келди? Шефинин тапшырмасы менен айдакталып аткандагы кербезиби? Журналист Болот Темировго мамлекеттик документтерди жасаганы боюнча кылмыш иши  козголгонуна К.Ташиевдин эч кандай тиешеси жок экенин Айданбек Акматов жакшы билет. Бирок болбой эле күчкѳ салып Темировдун ишине Ташиевди байлай берүүдѳн Айданбек мырзанын табар пайдасы эмне? Же эмне, оппозициялык жээктеги адам катары шылтоо табылса эле С.Жапаровду, К.Ташиевди эл кѳзүнѳ мокочо кѳрсѳтүп турууну ѳзүнүн миссиясы  кылып алганбы?

Ал эми Айданбек мырза жактап жаткан журналист  Болот Темиров аныгында ким? Элдин  коомчулуктун факты, аргументтерди ѳзүнүн ыңгайына жараша интерпретациялап, аны менен элге жаккыдай ѳңүттѳгү иликтѳѳ жүргүзѳ салып, ѳзүн «баатыр» кѳрсѳтүп келаткан  Болот Темировдун чыныгы максатын этибарга албай, анык  жүзүн кѳрбѳй жаткандыгы ѳкүнүчтүү. Болот Темировду элге күйгѳн, элдин таламын талашкан иликтѳѳчү журналист дегенге болбойт. Анын бир гана максаты бар. Ал – ѳзүнүн иликтѳѳлѳрү аркылуу бүгүнкү бийликти, тагыраагы,  С.Жапаров менен К. Ташиевди элге мокочо кѳрсѳтүү, жамандоо, каралоо, алар жѳнүндѳ негативдүү маалыматтарды таркатуу, коомдо терс пикир, кѳз караштарды калыптандыруу. Ал үчүн ал аз эмес суммадагы  жашылбайларды сырттан алып турат. Аны ѳлкѳдѳгү башка толуп жаткан кѳйгѳйлүү маселелер, элдин арыз-муңу, үнү кымындай да кызыктырбайт.  

Эгерде буга чейин Болот Темировдун наркозат менен шугулданып келерин билсек, жакында анын Россиянын жараны экендиги,  жасалма документтердин негизинде кыргыз паспортун алганы, бир канча жолу Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз бузуп ѳткѳнү, башка адамга тиешелүү номердеги аскердик билетти пайдаланып жүргѳндүгү аныкталды. Анын ар кандай кылмыштуу аракеттерден улам Россиянын паспортун 3 ирет, Кыргызстандын паспортун 6 жолу алмаштырганы эле эмнени билдирет? Ушул фактылар боюнча Болот Темировго үч  кылмыш иши козголсо, Айданбек Акматов ага УКМК тѳрагасы К.Ташиевди күнѳѳлѳп, кылмыш иштерине саясий түс берип жатат. Болот Темировдун шектүү ѳткѳнүнѳ, мындан 10 жылдан ашык мурдагы  кылмыштуу иштерине К.Ташиевдин кандай тиешеси бар? Анын үстүнѳ  бул иштер боюнча тергѳѳ, иликтѳѳ амалдарын ИИМ жүргүзүүдѳ. Темировдун документтерди жасагандыгы, мыйзм бузуулары  аныкталса, мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралсын,  эгерде далилденбесе, анын башынан бир тал чач түшпѳйт.

Эртеби, кечпи ѳзүн Кыргызстандын патриоту катары кѳрсѳтүп келаткан Болот Темировдун ким экенин  кыргыз эли билет. Болот Темиров Россиянын жараны, аты-жѳнү, ѳңү кыргыз болгону менен жүрѳгүндѳ, канында кыргыздын жыты да жок. Ал Россияда чоңойгон, орто билимди да, жогорку билимди да Россиядан алган. Жүрѳгү Россия деп согот. Россиядан келип, ѳзүнүн арам максаттарын ишке ашырып жүргѳн гастролер окемдерден айырмасы жок. Ал үчүн Кыргызстандагы стабилдүүлүк, туруктуулук, элдин ынтымагы, биримдиги тыйынчалык да мааниге ээ эмес. Б.Темировго чоң ишеним артып, аны «баатыр» эсептегендер  мына ушуну унутушпаса…