Кийинки жылдары планетада болуп жаткан чоң окуялар-коронавирус сыркоосу жана Россия менен Украинын аскерлик кагылышуусу Кыргызстандык мигранттардын массалык түрдө мекенине кайтат деп айтышка себеп болгон , бирок жашоо көрсөтүптүр кандай, андай массалык кайтып келүү болгон жери жок.Анын негизги себеби Россия дале болсо сырттан келчү эмгек мигранттарына муктаж. Кагылышуудан улам Россияга каршы коюлган санкциялар бир топ чет өлкөлүк ири компаниялардын Россиядан чыгып кетүүсүнө себеп болду.Экинчиден рублдун наркы төмөндөп баратат, бирок жакынкы күндөрү токтоп калчудай. Кыргыз мигранттары өлкөсүнө аябай көп акча которот, керек болсо бюджеттин тең жарымына чейин түзөт деген эсептөөлөр бар.Бирок мигранттар өздөрү дагы чечүү маселелер бар. Маселен: Жумуш кылып жатканда иш берген тарап менен туура келишим түзүү, айрым бир маалыматтарга таянсак өзгөчө курулушта иштегендер тапкан акчасын алалбай жедирип жиберишет. Дагы бир маселе элчилик жана консулдуктар биздин мигранттардын маселесин чечип берүүгө активдүү киришүүсү зарыл. Албетте сүйлөшүлөр жүрүп жатат, бирок конкреттүү жыйынтык көрүнбөй калды.

Анын үстүнө Россиянын жарандыгын алган мекендештерибиз өз укуктарын толук пайдалана албай жатышат.Азыркы күндө РФда 750 миңден ашуун кыргыз мигранты эмгек кылып жүрөт, алардын тапкан акча каражаты Кыргызстандын экономикасына чоң салым, бирок жогоруда аталган маселелерди тез арада чечиш керек.

Булак: argument.kg