Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек мэрия 12 жылга алчу кредит талкууга алынды. Бул кредитке алынган каражат коомдук транспортторду жаңылоого жумшалаары айтылды. Ага гарант иретинде Финансы министрлиги чыкты.
"Бир убакта 38 сом курс менен алган долларларды азыр 105 сом менен кайтарып жатабыз. Макул, анда жаш болгонбуз, эгемендүүлүк тажрыйбабыз аз болгон. Бирок азыр макул деп айтаардын алдында эл өкүлү катары позициябызды билдирип койсок. 12 жылдан кийин евронун куну канча болуп кетээрин ким билет. Башка эквивалентке байлап койсок болобу? Мисалы, алтынга. Биз алганды кийин курс кымбаттап кетсе балдарыбыз кантип төлөйт? Кайсы баада алып жатсак ошону фискациялап коелу", - деди Адахан Мадумаров.
Финансы министрлигинин адиси "Жок, андай болбойт", - дегенине карабай, депутат бул суроосун бир нече жолу кайталады.
Эми ой жүгүртүп көрөлү. Доллар 86 сом кезинде миң долларын бирөөгө карызга берген адам, доллар 105 сом болгондо баштапкы курс, 86 сом менен кайтарып албайт да. Же Адахан Мадумаров алат беле? Ким болбосун, "мен сага миң доллар бердим беле, ошол миң долларды колума сал", - дээри анык. Эл аралык мамиледе деле ошондой, курс көтөрүлөбү, ылдыйлайбы, айырмасы жок, канча доллар же евро карызга алсаң, убактысы келгенде ошончону кайтарасың.
Мадумаровдун логикасына таянсак, Акаев убагында алынган карыздарды ошол убактагы курс менен кайтарышыбыз керек. Бакиев учурунда, доллардын курсу сомго карата 40 сом болуп турганда алынгандарды азыр так ошол сумма менен беришибиз керек. Жакшы эмеспи э?.. Бул жаңы "мадумаровдук система". Дүйнөдө жок.
Каржы жаатын терең түшүнүү үчүн ага сөзсүз жетиштүү билим керектелет. Карапайым калктын басымдуу бөлүгү бул жааттан кабары жок. Андыктан, ким катуурак кыйкырса, ошого ишенээри анык. Мына ушул нерсени Адахан Мадумаров өз пайдасына оодарды. Билимдүү, сабаттуу киши балким, карызга алынган каражат кайра так ошондой кайтарылаарын, сенин валютаңдын күчүн жоготкону же жоготпогону карыз берген тарапты кызыктырбашын билип эле турат. Бирок мүмкүнчүлүктү куру кетирген жок.