Кийим темасы Жогорку Кеңештин жыйынында, бүгүн, 21-апрелде кайрадан көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев Ак үйгө келгендердин кийимдерине чектөө киргизүүнү жокко чыгарууну сунуштады. 

"Туура эмес кийинип алдың деп ар кандай маселеси менен келген жарандарды кайтаруучулар киргизбей жатышат. Муну токтотуу керек, бул туура эмес. Алар мода көрсөтүүдө иштешпейт да. Кайтаруучулар коопсуздукту камсыздашсын, кийимдерди текшергенди токтотушсун", - деди Бекешев спикерге жана парламенттештерине кайрылып. 

Спикер Талант Мамытов дресс-код мамлекеттик кызматкерлер жана аппараттын кызматкерлери үчүн гана киргизилгенин, а башкалар үчүн кырдаалга жараша болоорун белгиледи.