Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев катышкан тендерди иликтөө боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды.

"Манипуляциянын күчү кандай. "Ташиевдин уулу тендерлерден ута баштады" деген күчтүү тема коюп койсо болду, бардыгы нааразычылыктарын билдирип, истерика башташты. Ташиевдер бензин жеткирүү менен 25 жылдан бери алектенип келатканы эч нерсе эмеспи? Баары муну билишет! Кылмышты тааптырсыңар: үч майда тендер, жалпы кирешеси - 300 доллар!" - дейт Эдил Байсалов.