Милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Ош шаарынын аймагында өзгөчө оор кылмыш жасоого шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынын тургуну 1986-жылы туулган Маданов Төлөгөн Урубаевич изделүүдө.

Бою 170-175 см, кара тору, толмоч жүздүү, чачтары кыска алынган. Кылмыш жасаган учурунда кийип жүргөн кийимдери: көк түстөгү кепка, кара түстөгү кышкы куртка, көк түстөгү джинсы шым.

Өзгөчө белгиси: Сол кашынын үстүндө бармак басымдай калы бар.

“Жогорудагылардын негизинде, кимде бул шектүү тууралуу маалымат болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө: 0501-15-07-07, 0554-65-65-65, 0777-45-96-78 номерлери аркылуу байланышка чыгып коюуӊуздарды суранабыз. Маалымат берген тараптар тууралуу жашыруун сыр сакталат”, – деп айтылат маалыматта.

Булак: Булак.кж