Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депудаты Кундузбек Сулайманов бүгүнкү жыйында билдирди.
Ал министрлерден керектүү маалыматтарды алууга мүмкүн болбой калганын айтты.
«Буга чейин президент Садыр Жапаров: «Министрлерди көп убара кылбай, орун басарларын чакыргыла», — деп суранган. Биз анын пикирин сыйлап, кээ бир маанилүү маалыматтарды телефон аркылуу алалы десек, кээ бир министрлер жадагалса телефонго жооп бербей жатат. Мына ошолорго көңүл буруп койсоңуздар», — деди ал.
Ошондой эле ал Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, телефондорго жооп берип жүрүүсүн суранды.
Булак: Маралфм