Депутаттын “Vesti.kg” сайтына билдиргенине караганда, “Ысык-Көл” мейманканасы учурунда карызы көбөйүп кеткендиктен жабылган.
- 2005-2006-жылдары мейманкананын карызы көбөйүп кеткен. Президенттин Иш башкармалыгынын мейманкананы кармап турууга чамасы жок эле. Рынок шартына туруштук бере албай койду. Анын үстүнө, эски имарат ремонтко абдан муктаж болчу. Учурунда, бул максатта инвесторлорду да издеп көрүшкөн. Кийин сатканга аракет кылышты, майнап чыккан жок. Бузуп салып, ордуна жаңы мейманкана салуу тууралуу ойлор болгон, бирок анда мыйзам жол берген эмес. 2010-жылы Башмыйзам өзгөрүп, парламенттик башкаруу киргизилгенде Алмазбек Атамбаев мейманкананы ремонттоп, президенттик аппаратты көчүрүп баргысы келген. Бирок, саясий эрк жетишкен жок, анын үстүнө мыйзамды өзгөртүп, каражат табыш керек болчу.
Бүгүнкү күндө Садыр Жапаровдун эски мейманкананын ордуна президенттик аппараттын имаратын салуу чечими эң туура болду. Курулуш иштерин салган компанияга башка жактан 16 гектар жер беребиз дешти. Мындан мамлекет да, жеке бизнес дагы утат. Эгерде баарын азыркы калыбында калтырсак, кийин эмне болот эле билбейм, инвестор табылат беле... Эски аянттагы имаратты мэрия менен шаардык кеңешке берип койсо болот. Ремонт жасап, иштей беришсин. А өздөрү турган имаратты сатса же ижарага берип коюшса болот. Мындан бюджетке түшкөн каражатка автобус, троллейбустарды сатып алса болот, мектеп же бала бакчаларды салса жарашат.
Эл президентке ишенип, добуш берген. Биз ага толук укукту бердик. Демек, мүмкүнчүлүк бериш керек. Эң негизгиси, мамлекетке зыян тийгизбесе болду,- деди ЖК депутаты Балбак Түлөбаев.