Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге «Көз микрохирургиясы» клиникасын жетектеген Алмазбек Исманкуовдун дарегине айткандары боюнча чара көрүүнү өтүнгөн. Бейшеналиев таластыктарга карата сүйлөгөнү үчүн да эскертүү алды.

Булак: Баракелде