Тилекке каршы, жумурткадан кыр издѳѳ, жакшыдан жамандыкты издѳѳ жагынан алдыга ат салдырбай баратабыз. Президенттин мурдагы "Ысык-Кѳл" мейманканасынын ордуна административдик имарат-комплексти куруу чечимин сындагандар кѳбѳйдү. «Анын кереги бар беле, анын ордуна завод-фабрика курса болбойт беле, аны акысыз куруп берген инвесторго 16 га жер берилет экен» деп айгай салышууда. Бирок карап кѳрѳлүчү, мындай сындардын канчалык негизи бар? Чын эле имаратты куруу туура эмес чечим болуп атабы?
Ачыгын айталы, "Ысык-Кѳл" мейманканасы эртеби, кечпи бузулуп, ал жерге башка курулуштар түшмѳк. Анткени, архитектуралык баалуулук эле деп канчалык жактап, коргогонубуз менен Ысык-Кѳл мейманканасынын кейпи кетип, ѳзүнүн архитектуралык баасын эчак жоготкон болчу. Аны инвесторго сатып, жаңы жашоо берүү аракетинен эч кандай майнап болгон жок. Эч бир инвесторду кызыктарбады. Эгерде президент С.Жапаровдун чечкиндүүлүгү болбогондо, балким эртедир, кечтир "Ысык-Кѳл" мейманканасынын орду жеке ишкерлерге, жеке колдорго ѳтүп, ал жерлерге бизнестик кызыкчылыктагы курулуштар жүрмѳк. Балким, жер тилкелерине айландырылып, турак-жайларды курууга сатылып, миллионер, капчыктуулардын хан сарайлары түшкѳн дагы бир «церское селого» айланмак. Мындай болбойт дегенге эч кандай кепилдик жок эле.
Эми ѳлкѳ башчысы С.Жапаровдун чечими менен заманбап архитектуралык стилдеги административдик имараттын курулушу башталды. Айрымдар андай имаратты куруунун зарылдыгы жоктугун айтышууда. Бирок кай жагынан албайлы, бул ѳзүн актаган чечим экендиги талаш туудурбайт. Биринчиден, Кыргызстанда эгемендиктен берки мезгилде мындай административдик имараттар курула элек. Ал эми кошуна ѳлкѳлѳрдүн баарында курулду. Бул президентке эле керек эмес, улуттук символ, ѳлкѳнүн жүзү, жалпы элдин энчи. Экинчиден, тандалып алынган жер мындай имаратка эң ыңгайлуу жер, шаардын четинде, негизги трассалык жолдун боюнда жайгашкан дегендей. Үчүнчүдѳн, курулушка мамбюджеттен каражат кетпейт, инвестордун каражатына курулганы жатат. Тѳртүнчүдѳн, инвесторго берилген 16 га жерди инвесторлор кѳтѳрүп кетпейт, ал жерге жумуш орундарын камсыз кылган обьекттер курулушу мүмкүн, же кѳп кабаттуу үйлѳр тургузулат, жеке колдорго, байларга ѳткѳн жок.
Чын чынында, кокуйлап, айгай салып, имараттын курулушуна каршы болууга негиз, себеп деле жок. Тескерисинче, кубанып, колдоого алышыбыз керек. Ѳкүнүчтүүсү, шылтоо болсо эле президенттин ишин, чечимдерин сынга алып, «тепкилеп» турууну адатка, атүгүл милдеттерине айландыргандарга табылбай эле калды. Президенттин: «Жакшы иш кылсаң да, жаман иш кылсаң да элге жакпайсың» деген ѳкүнүчүн түшүнсѳ болот. Бирок, убагы келип имаратты куруу чечими туура болгонун мезгил ѳзү ырастаарынан шек санабайлы. Анткени, мамлекеттик, тарыхый мааниге ээ курулуш.
Сѳз ыңгайы келгенде, дагы бир нерсени айта кетели. Аталган имараттын курулушуна улай жанында жайгашкан «Манас» айылы жѳнүндѳ да ар кандай сѳздѳр жүрүүдѳ. Ачуу болсо да, Манасты ыйык туткандарга жакпаса да, бир чындыкты айта кетели. «Манас» айылы моралдык жана материалдык жактан эскирип бүткѳн. Жѳнѳкѳй тил менен айтканда, атканадан айырмасы жок болуп калган. Ошондуктан «Манас» айылын капиталдык реконструкциялоодон (балким, жаңыдан куруу) ѳткѳрүлүп, жаңы колорит, облик берилсе, туура эле болот.