Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна жаңы Ак үй курула турганы белгилүү болгон. Президент Садыр Жапаровдун билдиргенине караганда, курула турчу административдик имаратка мамлекеттин каражаты кетпейт. Курулуш компаниясына Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерди берип, анын ордуна алар заманбап имаратты куруп берүү келишимине келишкен. Башкача айтканда, бартер келишими. Президент өз сөзүндө ансыз да 30 жылдан бери мамлекеттин нечендеген жерлери жеке колдорго өтүп кеткенин, 16 гектар жер дагы бул тагдырга бир күнү кабылышы мүмкүндүгүн, андыктан аны мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетүүнү чечишкенин белгилеген. 

Чындыгында ушул. "Ысык-Көл" мейманканасы 1984-жылы курулган. Ар бир имаратты убак-убагы менен капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүп турбасаң, ал тез эле баштапкы көрүнүшүнөн тайып калаары анык. Ал эми аталган ири мейманкана көп жыл оңдоо иштерин көргөн эмес. Имаратты сактап калуу жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап мейманкана иретинде иштетүү үчүн мамлекет аракет кылган. Бул багытта көптөгөн инвесторлор менен иштешкен. Тилекке каршы, эч ким инвестиция салууну каалаган эмес. Акыбалы начарлагандыктан имарат 13-14 жыл колдонулган эмес да, бузула берген. Мындай жедеп колдонууга мүмкүн болбой калган имаратты кайра калыбына келтирүү үчүн өтө чоң суммадагы каражат керектелмек. 

Мындан улам каражаттарды рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплексти куруу чечими кабыл алынган.  

Бузуу иштерин «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Ал эми курулуш иштерин  жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзөт. 

Эгемендүүлүк алган 30 жылда мамлекеттик маанидеги бир дагы административдик имарат курулган эмес. Жаңы Ак үй алдыга жылуунун алгачкы белгиси болуп калат. "Ысык-Көл" мейманканасы 1980-жылдардын орто ченинде курулгандыктан, тарыхый имараттандын катарына кошулбайт. Андыктан, анын бузулушунан трагедия издеп кереги жок. Эскини оңдоп отурбай, жаңы, заманбап имарат куруу, болгондо дагы мамлекеттин пайдалануусундагы башкы административдик корпуска айландыруу учурдагы бийликтин көрөгөчтүгүн билдирет.