Бишкектеги эски "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна жаңы Ак үй курулаары белгилүү болгон. Буга айрымдар нааразычылык пикирлерин билдиришкен. Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жаңы Ак үйдүн курулушу тууралуу жазды:

- Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың.

Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? “Ысык-Көл” мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот.