Бизде ушундай. Эптеп-септеп кылдырап, «сен мага тийбе, мен сага тийбейин» деген принцип менен милдетин аткарып жүргѳн аткаминерлер менен эч кимдин деле иши болбойт. А бирок, демилгечил болуп, реформалык саамалыктарды баштап, батыл кадамдарды жасап, элдин, ѳлкѳнүн кызыкчылыгы үчүн жаныңды сабап иштесең, ал сѳзсүз кимдир бирѳѳлѳргѳ жакпай, сени каралаган топтор, жалданган конкреттүү адамдар пайда болот да «ур, тепкиге» ала башташат. Акыркы кездери ѳлкѳнүн башкы прокурору Курманкул Зулушевге карата ошондой каралоо чабуулу башталганы байкалууда. Социалдык тармактарда айрым бир активист, блогерлер башкы прокурорду бутага алышып, анын ишкер инисин бетке кармоо менен  коррупциялык иштерге айыпташып, ар кандай жалган, такталбаган маалыматтарды таратканга   ѳтүштү. Тагыраагы, «башкы прокурор агасына таянып алып, Ырыс Зулушев Оштогу прокурор, сотторду чүлүктѳп алды, каалаганын кылып атат» деп жазышууда. Бул нерселер башкы прокурорду каралоо максатында гана  болуп жатканы айдан ачык. Кыязы, мындай маалыматтарды жазып, тараткан блогерлер үчүн жакшы акча тѳлѳнүп аткандай. Анткени, К.Зулушевге кѳѳ жапкан маалыматтарды акча үчүн энесин да сатып ийгенден кайра тарпаган, ар бир постун акчага жазып каныгып бүтүшкѳн  Р.Маманова сыяктуу блогерлер таратышууда.  

Курманкул Зулушевдин коррупциялык иштерден алыстыгына, мыйзамдуулукту туу тутарына тээ Атамбаевдин кезинде эле күбѳ болгонбуз. Кызматынан айрыларын билсе да, мыйзамга каршы иш кылган  эмес. Эми бүгүн аны мыйзамдуулуктан тайды, коррупциялык иштерге аралашты деп айыптоонун ѳзү күлкү келерлик. Ал башкы прокурор катары Конституцияда, мыйзамдарда белгиленген укуктарын пайдалануу менен ѳлкѳдѳгү, коомдогу мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укугу тебеленип жаткандардын укуктарын коргоо, кылмыштуулукка бѳгѳт коюу, коррупцияга каршы күрѳшүү жаатында зор иштерди алып барып жатканын калыстык үчүн айта кетели. Анын ишине коомчулукта нааразычылыкты байкай элекпиз. Ал эми анын Башкы прокуратурада, дегеле прокуратура системасында  иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү жолго салгандыгы мактоого арзырлык кѳрүнүш. К.Зулушевге чейин бул маселе эч кимди ойлондурган эмес.

Сыягы, К.Зулушев ѳзүнүн принципиалдуулугу, мыйзамдын тили менен жүргүзүп жаткан иш-аракеттери кимдир бирѳѳлѳргѳ жакпай жаткан кѳрүнѳт. Же анын орду керек болуп, ушундай жол менен кызматтан кетирүү аракети колго алынганбы? Бирок калптын ѳмүрү кыска болот демекчи, ага карата болуп жаткан каралоо, айыптоолордун баары жалган болуп чыгарынан  шек санабайлы.