Соцтармактарда активдүүлүгүн көрсөтүп, айрым аткаминерлер тууралуу пикирин жазып жүргөн Роза Маманова аттуу жаран өзүнө куугунтук башталганын жар салды. Куугунтук дегени - ага карата козголгон кылмыш иши. Анын айтымында, бул кылмыш иши түз жүргөн жеринен эле, фактылар асмандан алынып козголгон. Буга чейин Арзыбек Буркановго жана анын ички иштер жаатында иштеген туугандарына байланышкан маалыматтарды байма бай чыгарып келген. Анысын иликтөө деп атайт, бирок такталган бир да маалымат жок. Кайсы бир адамды үтүр, чекити жок жаманатты кылууну иликтөө деп түшүнүп алганына таң каласың. Эми кылмыш ишин так ошол үтүр-чекитсиз билдирүүлөрүнө байланыштырып жатканынан бир нече маалыматты бөлүшүүнү туура көрдүк.
Роза Маманова Баткен облусунун жашоочусу. Бир канча убакыт мурда каза болгон журналист Арзыгүл Галымбетованын сырдуу өлүмүнө катыштыгы бардыгы айтылган. Аны маркум өзү каза болооруна бир - эки күн калганда коомчулукка жарыялоого жетишкен. Буга байланыштуу журналисттин өлүмү иликтөөгө алынып жатканда, аты аталган жаран катары суракка чакырылганда чоң чыр чыгарган. Мүнөт сайын соцтармактын бетин бербей "Мени алып кеткени жатышат, үйүмдүн жанында аңдып турушат", - деген сыяктуу билдирүүлөрүн жарыялап, бирок анын тастыктоочу видео жүктөй алган эмес. А эртеси, Маманованы эч ким аңдыбаганы, кадимкидей эле жай турмушун өткөрүп жатканы белгилүү болгон. Ал өзү кандайча укук коргоо кызматтарынын өзү айткандай "аңдуусунан" кутулуп чыкканын коомчулукка түшүндүрүүнү ойлонгон жок. Ошол бойдон бул чырдуу жарандын кезектеги спектакли катары кабыл алынып калды.
Ал эми кылмыш иши асмандан алынган эмес. Кызыл-Кыя шаарынын 1980-жылы төрөлгөн Маматова Акмөөр Төлөнбаевна аттуу жашоочусу Роза Маманованын үстүнөн жазылган арыз менен укук коргоо кызматына кайрылган. Анда жашоочу Роза Маманованын атын сотко байланышкан маселесин бүткөрүп берем деп алдап, 50 миң сом алганын, ошол бойдон ишин да бүткөрбөй, акчаны да кайтарбай кеткенин айткан (1-сүрөт). Ушул эле шаардын 1973-жылы төрөлгөн Садыкова Кулпунай Эшполотовна аттуу жашоочусу дагы арыз жазып, Ноокат районунун Төөлөс айылындагы 0,8 сотых жерине мамлекеттик актысын алып берем деп Роза Маманова алдап туруп, ал жерди башка бирөөгө соодалап салганын билдирген (2-сүрөт).
Мына ушул жарандардын арызы Роза Маманованын үстүнөн кылмыш ишин козгоого себеп болгон. Көрүнүп тургандай, фактылар атайын токулган эмес. Башкалардын какшатып кеткенин моюндабай, тескерисинче догурунуп, өзүн жана беш баласын өрттөй турганын айтып коркутту.
Ар бир мыйзамсыз аракет тийиштүү жоопкерчиликке тартылганда гана мыйзамдуу өлкөгө айланабыз. Кылаарын кылып коюп, жооп берүү кезеги келгенде анысын кайсы бир адамды жамандаган билдирүүсүнө байланыштыра салып, суудан кургак чыгууга умтулгандардын каалоосу аткарылбайт. Кылмыш жоопкерчилигине тартылгысы келбесе мыйзам чегинен чыкпай түз жүрүшү керек болчу!
