Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдирди.
7-апрель көчөсүндөгү көп кабаттуу батирдин тургуну бир канча күндөн бери үйүнөн чыкпай, эшигин да ачпай жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу барып, эшикти ачып, батирден аялдын жансыз денесин табышкан.
Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Анын өздүгү аныкталды.

Булак: kaktus.kg