- Өтө кыйчалыш, дүйнөлүк денгээлдеги карама-каршылыктардын, тирешүүлөрдүн, пикир келишпөөчүлүктөрдүн, болуп көрбөгөндөй табигый кырсыктардын, оору-сыркоолордун мезгилинде жашап жатабыз. Эмне кылалы, тагдыр биздин маңдайга ушундай мезгилде жашашты буюрган экен. Буга маани берип түшүнгөнүбүз бар, түшүнбөгөнүбүз бар. Бардан да кызыгы кыргыздар ушунчалык дымагы күчтүү элбизби? Каныбыздагы бир мезгилдердеги Каганат түзүп, дүйнөнүн жарымын бийлеп турган демибиз ойноп кетеби түшүнө бербейм, мисалга Россия менен Украинанын ортосундагы согуш жөнүндө биздин кыргыздардын пикири ал эки өлкө үчүн чиркейдин түкүрүгүнчө да таасири жок болсо деле экиге бөлүнүп жолуккан жерден мушташып кетүүгө чейин жетип талашып - тартышкандар толо. Ошол эле маалда Кыргызстандын ички проблемасы ар бир кыргызга тиешелүү маселени жазсаң эч ким деле окубайт. Ал проблеманы талашып - тартышып кызыл чеке болушпайт. Аны майда-барат нерседей көрүшөт.

Бирин эле айтайын, “Кыргызсандагы малдын асыл тукумдуулугун жакшырталы. Айылдарда 20-25- кг. эт берген койлорду, 150-200 кг эт берген уйларды айдап жүргөндөрдү көргөндө зээним кейийт. 20 кг эт берген 100 кой айдагыча, 100 кг эт берген 10 кой баксаң, 200 кг эт берген он уюң болгуча 1500 кг эт берген эки уюң болсо пайдалуу”, - деп канча жаздым. Бири Путинге бири Зеленскийге болушуп кызыл чеке болгондордун кимиси менин ошол макалаларымды талдап демигип чыкты? Эч кимиси.

Я-а айланайындар, Кыргызстанда эт багытындагы койлор, уйлар, сүт багытындагы асыл тукум уйлар көбөйсө, мал чарбачылыгы толук асылданса, жер иштетүү дүйнөлүк астыңкы өлкөлөрдүн катарына чамалашса ар бир кыргызстандыктын жашоо -турмушуна тиешеси болот го. Ушуга акыл-эсибиз жетпейби? Жетет. Менимче, маани бербейбиз. Дүйнөлүк денгээлде ой жоруган билимдүү экенибизди көрсөткүбүз келет. Байденге, Путинге акыл үйрөтөбүз. Бирок көп учурда жеке жашообузга тиешелүү маселеде туура акыл калчай албайбыз.

Кабат-кабаты менен каптап келаткан каатчылык тилди сайратып “дүйнөлүк денгээлде” курулай акылмандуулук кылууну эмес, мамлекеттин ичиндеги мамлекеттик жашооңду ойлонууну эскерте баштады. Дүйнөгө көз чаптыргыла. Эмне болууда? Украина менен Россия дүйнөгө нефти менен газ эле бербестен негизгисин эле айтсам, буудай, эт, кант, картошка, балык этин берчү. Бул багытта эртең кандай болоор экен? Европадагы дүкөндөрдүн текчелеринин абалы бүгүн эле жакшы эмес маалымат бере баштады. Демек ,эртең азык-түлүк маселеси дүйнөдө биринчи орунга чыкчудай болуп калды. Быйылкы жаз жөнөкөй жаз эмес. Чоң сыноонун жазы. Ушул жазда терең ойлонуп акылмандык менен туура багытты тандаган чечим чыгарып иштей алсак, келечекте башкалардан бир кадам астыда болобуз. Муну астына ала түшүнгөн президентибиз Садыр Жапаров; “Бир укум жер калтырбай өздөштүрөлү. Айыл чарбачылыгына бөлүнгөн каражатты толугу менен максатуу өз багытына жумшагыла. Күнүмдүк керектөөгө, соода-сатыкка жумшап жибербегиле”, - деп кайта-кайта какшап жатат. Элибиздин “Жаздын бир күнү жылды багат” деген асыл кеби бер. Быйылкы жаздын ар бир күнү жылды эле эмес астыдагы келечекти аныктачудай болуп турат. Министрлер кабинети байма-бай жыйын өткөзүп дүйнөнү каптап келаткан кризистен канткенде Кыргызстанды жеңилирээк алып өтөбүз дегендин үстүндө иштөөдө.

Бирок бир нерсени эстен чыгарбайлы. Канчалык жан үрөсөк да дүйнөлүк кризистин капшабынан ага аралашмайын чыга албайбыз. КТРдан күн сайын бекер жеринен көрсөткөн жок, коңшулардагы күйүүчү майлардын баасы канча бизде канча экенин. Дагы жакшы, кантсе да мамлекетибиз камбылдык кылып айрым азык - түлүктөрдүн запасын кампаларда кенен кармаган экен, азык-түлүккө болгон тартыштык кризисинин биринчи толкунун жеңил өткөздүк. Эми антип-минткиче жаңы түшүмдү жыйноого кирип барчудай болуп турабыз. Кыш жылуу болуп кар аз түшкөндөн жыл кургакчыл болобу деп корккон элек. Жараткан Кудай да бизге болушуп жаткандай кышта жаабаган кар, жаанды жазда эселетип жаадырып берди. Демек жылыбыз жакшы болчудай. Дыйкандарыбыз көп кабатырланышпай калышты. Мамлекетибиз болсо айыл чарбачылыгын эле карабай бир нечелеген мамлекеттик денгээлдеги дымактуу ири долбоорлорду баштап жиберди. Кыргызстан жаңыланууга толук багыт алдык. Акылмандын жакшы сөзү бар “Мамлекет эмне кылып жатат?- дештен мурда, мен мамлекетиме эмне кылып бердим?- деп өзүңдөн сура”- деген. Кыргызстандын келечегине, жаңыланууга багыт алганына, бүгүн кимибиз кандай салым кошо алабыз? Мына ушул суроо ар бирибизди түйшөлтсө пайдалуу болуп жүрбөсүн!? Кантсе да ар бирибиздин келечегибиз Кыргызстан менен го.