Эртең, 15-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарында туруксуз аба ырайы күтүлөт: тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Кыргызгидромет билдирди.
Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртеңден баштап 18-апрелге чейин Кыргызстандын бардык аймактарында абанын температурасынын жогорулашы күтүлөт.
«Эгерде бүгүн Чүй өрөөнүндө абанын температурасы +19...+24 болсо, эртең +22...+27 болушу күтүлүүдө. 16-апрелден 18-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт: күндүз Чүй өрөөнүндө +25...+30, Бишкек шаарында да +30га чейин ысыйт.
19-20-апрелде Кыргызстанда туруксуз аба ырайы жана абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт: жаан жаап, күн күркүрөй», - деп билдирди Кыргызгидромет.

Булак: Баракелде