Бишкектин четиндеги "Манас айылы" этнокомплексин бузуу иштери жүрүп жатканы белгилүү болгон. Манасчы Дөөлөт Сыдыков жана соцтармактардын айрым колдонуучулары буга нааразычылыктарын билдиришкен. "Манас айылы" деп аталган этнокомплекси эмнеге бузулуп жатканын Бактыгүл Иманбек кызы өздүк булактарынан алынган маалыматына таянып жазып чыкты:
"Төмөндөгү сүрөттөрдү көргөн адам Манас айылынын канча жылдан бери каралбай урап, куурай басып калганын байкайт. Ооба, буга чейин Манас айылын жаңылап, оңдоп түзөтөбүз деген сөздөр болгон. Бирок бийликтин ал пландары өзгөргөн эле. Анткени, жупуну жана эптекей курулган Манас айылын оңдоону эмес, даңазалуу Манас ордосун куруу сунушу түшкөн.
Манас ордосу бийик жерден орун алып, ал бир музей катары курулуп, сапаттуу материалдардан, өнөрлүү адамдардын колунан жаралган скульптура, сүрөт түшүрүлгөн Манас дүйнөсүн 100 пайыз сүрөттөп ачып бере алган музей болсун деген сунуш. Ал ордого кирген ар бир адамды кадимкидей Манас дүйнөсүндө жүргөндөй сезим курчасын. Атагы алыска тарап, Дүйнө эли Манас ордосуна атайын келип, көрө турган тарыхка бай ордо болсун деген сунуш пикир жактырылган. Ал ордого эң сонун жерден орун да берилген экен. Азыр ал ордонун бир нече проекти иштелип жатат.
Ал тургай президент Садыр Жапаровдун беш жылдык мөөнөтүмдү даңазалуу так ушул Манас ордосунун ачылуу аземи менен аяктасам деген эң сонун максаты бар экен деп да уктум. Андыктан, бийлик Манасыбызды кордоп жатат деген пикирден алыс бололу.
Ал эми азыркы Манас айылыны жана мурунку Ысык -Көл мейманканасынын жерине чакан “Административдик шаарча” курулуп жатат".