Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал дүйнөлүк экономикалык рецессияга алып келет деген прогноз бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру») билдирди.
Анын айтымында, чоң экономикалар бардык өлкөлөр менен тыгыз соода-экономикалык байланышта.
«Биз бул өлкөлөр менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзөбүз. Орусиядан, Украинадан өзгөчө азык-түлүк, ун, өсүмдүк майын алып келебиз. Эми быйыл акыбал андай болсо, алар товарларды сыртка чыгарууга чектөө коюшса акыбалыбыз кандай болот? Ошрндуктан арканды алыс таштап, быйыл буудайды көбүрөөк эгиш керек болчу. Өзүбүздү-өзүбүз бакпасак, акыбалыбыз кандай болот? Азык-түлүк маселеси ушул жерден башталат. Айыл-чарба министрлигинин ишинде бутофория эле болуп жатат, бирок бул нерсе байкалбайт», - деген депутат канча буудай эгилгени боюнча Айыл чарба министрлигинен маалымат алуу зарыл, деп эсептейт.
«Бул абдан маанилүү маселе. Эртең же бүрсүгүнү кыш келет, кыштын камын жайда көр деп коет», - деп кошумчалады ал.
Булак: Баракелде