Бүгүн, 13-апрелде, саат 11де кыргыз жана тажик тараптын делегацияларынын жолугушуусу болду. Ага Баткен жана Согди облусунун башчылары, Кыргызстан жана Тажикстан чек ара жана аскер кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Баткен облусунун губернатору Абдикарим Алимбаев жолугушуу кандай өткөнүн айтып берди. 

- 2.30га чейин тажик тараптын делегациясы менен жолугуштук. Анда кечээ түнкү 3тө кабыл алынган чечимдерди аткаруу жаатында сүйлөштүк. Азыркы кезде мамлекеттик органдардын баарын аткарууга киришти. Кечээ кабыл алынган чечимдердин бири кошумча аскер күчтөрүн жана техникаларын чек ара аймактарынан алып чыгуу болчу. Ал аткарылып жатат. Андан башка окуянын келип чыгышы иликтенет. Бул боюнча Аскер прокуратурасы иштеп жатат. Ошондой эле, трассалар кыргыз жана тажик милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат.