Баткендеги Арка жолун тез арада оңдоо керектигин депутат Камила Талиева парламент жыйынында айтты.
"Кыргыз-тажик чек ара аймагында 12-апрелде кайрадан чатак орун алып, ок атышуу болгонун баарыбыз билдик. Түнү менен Арка, Максат, Кулунду, Жаштык, Достук айылдарынын 18 миңдей эли эвакуацияланды. Арасында карылар, наристелер бар. Мен качантан бери Арка жолу стратегиялык жол, оңдолушу керек деп айтып келатам. Бул жолду тез арада оңдобосок болбойт. Ооба, аскер кызматкерлери, чек ара кызматкерлери өз милдетин так аткарышып, ыкчам иш аракеттерди көрүштү. Анысына бали дейбиз. Бирок көчүп, кача бергенден эл да жадайт экен. Арка жолунда түндө азап чегишти. Ошондуктан, бул жолду тез арада оңдобосок болбойт", - деди Камила Талиева.
Эске салсак, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, куралдуу атышууга айланган. Анын кесепетинен бир кыргыз чек арачысына ок тийип, учурда ооруканада оор абалда.