КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 13-апрелге карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу.
Түндө 03:00дөн 03:55ке чейин кыргыз жана тажик көзөмөл өткөрүү пункттарынын аймагында Баткен облусу менен Согди облусунун жетекчилери жолугушту. Ага Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын жана күч түзүмдөрүнүн башчылары да катышты.
Жолугушуунун алкагында эки тарап кошумча күчтөрдү чек ара аймагынан чыгарып кетүү, эки өлкөнүн делегациясынын жолугушуусун окуя чыккан жерде – Лейлек районунун Селкана аймагында өткөрүү макулдашылды. Аскер техникаларын, кошумча жеке курамды чек арадан чыгарып кетүү чечим кабыл алынгандын биринчи мүнөтүнөн аткарыла баштаган. Ал эми кеңири курамдагы делегациялардын жолугушуусу бүгүн саат 11.00дө башталды.
УКМКнын Чек ара кызматынын кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөгөн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Аталган кызмат кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды көзөмөлүнө алды.