Быйыл Орозо айт 2-майга туура келет. Бул тууралуу Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Белгилей кетсек, бул чечимди быйыл Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыктары билгелешип кабыл алышкан. Бирок Кыргызстандын муфтияты Орозо айт күнүн жарыялай элек.
Редакция Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын билдирүүсүнөн кийин Орозо айттын аянттагы программасын жарыялайт.

Эреже боюнча Орозо айы 29-30 күнгө созулат (айдын көрүнүшүнө жараша). Быйыл орозо 2-апрелде башталган.

Булак: Кактуз.кж